ЖҮРӨГҮ ЖОК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Коркок, өтүмү жок, кайратсыз. Болуптур эмесе, жүрөгү жок коркоктор (Каимов). Жүрөгү жок ургандар, Качып берип сайдырар (фольк.). - Айрөк, айрөк, кыз менче жүрөгү жок, балбан туруп (Бейшеналиев). 2. Ырайымсыз, таш боор. - О, -о журт, ансыз да бөлүнүп-чабылып бүттүк. Бу жүрөгү жок канкоррлор элдин убалынан коркобу? Абайлап, аялдагыла. Анан көрө жатаарбыз (Бейшеналиев).